Финансы Министрлигинин “Экономикалык карта” маалыматтык-аналитикалык ресурсу менен иштөө нускамасы (инструкциясы).

Порталды ачуу

Ишти баштоонун алдында браузерди ачыңыз (InternetExplorer, MozillaFirefox, Opera ж.б.у.с.) жана адрестик сапка http://map.okmot.kg деген даректи киргизиңиз, (1-сүрөттө көрсөтүлгөн)


Даректи туура киргизген болсоңуз, Порталдын башкы менюсу ачылат (2-сүрөт).

Маалыматтарды алуунун даражалары
Област жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, анда аталган областы (картасын) басыңыз. (3.1., 3.2. - сүрөттөр).




Областын райондук деңгээлин көрүүнү кааласаңыз, анда аталган областын атын басууңуз зарыл (4.1.- 4.2.-сүрөттөр).


Район жөнүндө маалымат алгыңыз келсе, анда аталган районду (картасын) басыңыз. (5.1., 5.2. - сүрөттөр).

Райондун айылдык округтар боюнча деңгээлин көрүүнү кааласаңыз, анда аталган райондун атын басууңуз зарыл (6.1.- 6.2.-сүрөттөр).


Айыл өкмөтү тууралуу маалымат алгыңыз келсе, аталган айыл өкмөттү басыңыз. (7.1. - 7.2.-сүрөттөр)

 

Баракчалар боюнча түшүндүрмө
“Жалпы”, “Минфин”, “Казыналык” жана “ЭӨМФ” (ГФРЭ) баракчаларынан, Сиздер, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин, Казынасынын жана ошондой эле Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун маалыматтарын областык, райондук жана айылдык округ деңгээлинде көрө аласыздар. ( 8.1.- 8.2. - сүрөттөр )




Бул маалыматтарды колдонуу менен, Сиздер гистрограмма же сектродук диаграмма түрүндө көрсөңүздөр болот.(9-сүрөт)

Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин экономикалык картасын көңүлдүү көрүңүздөр.
 Суроолоруңуздарды төмөндөгү электрондук дарек аркылуу берсеңиздер болот: support@infosystema.kg.

Сиздердин Э-картанын функционалын жакшыртууга болгон сунуштарыңыздарды төмөнкү форум аркылуу талкуулоого даярбыз: http://forum.okmot.kg